2022-жылкы дүйнө чемпиондугунун логотиби белгилүү болду
Логотип Дохада уюштурулган программада таанытылды.
1263365
Катардын кожоюндугунда өтө турган 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун логотиби белгилүү болду.
Расмий логотип, Катардын баш калаасы Дохада уюштурулган программада таанытылды.
Логотип өзгөчө ФИФАнын интернет баракчасынан бөлүшүлгөн видео менен да футбол сүйүүчүлөргө көрсөтүлдү.
ФИФАнын билдирүүсүндө логотипте колдонулган 8 сандын, беттешүүлөр өтө турган 8 стадион жана түбөлүктүүлүктүн белгисин чагылдыргандыгы маалымдалды.
32 команда катыша турган дүйнө чемпиондугу, 2022-жылы 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өткөрүлөт.