5-Ислам тилектештиги оюндары штанга көтөрүү менен уланды

Оор атлетика тармагында 24 өлкөдөн 59 аял жана 89 эркек жалпысынан 148 спортчу ат салышууда.

1866789
5-Ислам тилектештиги оюндары штанга көтөрүү менен уланды

Коньяда өткөрүлгөн 5-Ислам тилектештиги оюндарында түрк спортчулары штанга көтөрүү боюнча биринчи күнүндө 9 медалга ээ болушту.

Оор атлетика тармагында 24 өлкөдөн 59 аял жана 89 эркек жалпысынан 148 спортчу ат салышууда.

Улуттук спортчулар күндү 3 алтын жана 6 күмүш медаль менен аяктады.

Аялдар арасында 49 кг салмактагы улуттук спортчулар үч категорияда тең подиумдун алгачкы эки тепкичин басып 6 медалга ээ болушту. Спорчу Дуйгу Алыжы; жулкуп көтөрүү, силкип көтөрүү жана жалпы эсепте алтын медалдарды алса, Шазие Эрдоган ошол эле категорияларда күмүш медалга ээ болду.

45 килограмм салмакта Жансу Бекташ; Ал жулкуп көтөрүү, силкип көтөрүү жана жалпы эсепте күмүш медалдарды жеңип, Түркияга 3 медаль алып берди.

Муаммер Шахин болсо эркектер арасында 55 килограмм салмакта даражага жете алган жок.

Ал эми 45 килограммдык салмакта түркмөнстандык Юлдуз Жумабаева көтөрүү учурунда үчүнчү укугуна аракет кылып, штанга астына жыгылып, ийгиликке жетпей калды. Тез жардам кызматкерлери спортчуга дароо биринчи жардам көрсөтүштү. Кыска дарылоодон кийин спортчу залдан басып чыгып кетти.



Тектеш кабарлар