Ай жылдыздуу команда «А» тайпасындагы экинчи беттешин да утту

Тайпадагы биринчи беттешинде Азербайжанды конокто 3-0 эсебинде утуп алган «Тордун мырзалары» Данияны жеңүү менен 2ден 2 кылып, ийгиликтүү баратат.

1866383
Ай жылдыздуу команда «А» тайпасындагы экинчи беттешин да утту

Волейбол боюнча улуттук эркектер курама командасы 2023 CEV Европа чемпионатынын тандоо турунун «А» тайпасындагы экинчи беттешинде Данияны 3-1 эсебинде жеңди.

Тайпадагы биринчи беттешинде Азербайжанды конокто 3-0 эсебинде утуп алган «Тордун мырзалары» Данияны жеңүү менен 2ден 2 кылып, ийгиликтүү баратат.

Түркия 14-август жекшемби күнү Дания менен конокто беттешет.

Улуттук курамалар 17-август шаршемби күнү Стамбулда Азербайжанды кабыл алат.

Тайпаларын 1-орунда бүтүргөн өлкөлөр жана тайпадан 2-орунду алган эң мыкты 5 команда Европа чемпиондугуна жолдомо алышат.

 



Тектеш кабарлар