Айсу Түркоглу Ла - Маншты сүзүп өткөн эң жаш түрк сүзүүчү болду
Сууда сүзүүчү Айсу Түркоглу Англия менен Франциянын ортосундагы Ла-Маншты 16 саат 28 мүнөттө сүзүп өткөн эң жаш түрк сүзүүчү болду.
1861501
Сүзүүчү Айсу Түркоглу Англия менен Франциянын ортосундагы Ла-Маншты 16 саат 28 мүнөттө сүзүп өткөн эң жаш түрк сүзүүчү болду.
Эгей университетинин Спорт илимдер факультетинин студенти 21 жаштагы Айсу Түркоглу Манш каналын сүзүп өтүү үчүн кечээ Англиянын Довер шаарынан сүзө баштады.
Айсунун артынан машыктыруучусу Бенги Су Авжы жана атасы Мустафа Түркоглу кайык менен жөнөштү.
Айсу 16 саат 28 мүнөттөн кийин Франциянын Кап-Грис-Нез жээгинен Ла-Манштан өттү. Жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу да социалдык медиа эсебинен : "Айсу Түркоглу Ла - Манш деңизин сүзүп өткө эң жаш түрк. Мыктысын Айсу. Сени менен сыймыктанабыз",- деп билдирди.