Айымдардан турган «А» улуттук волейбол курама командасы 2020 Токио олимпиада оюндарына катышат

Түркиянын Айымдардан турган «А» улуттук волейбол курама командасы 2020 Токио олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды.

1339815
Айымдардан турган «А» улуттук волейбол курама командасы 2020 Токио олимпиада оюндарына катышат

Түркиянын Айымдардан турган «А» улуттук волейбол курама командасы 2020 Токио олимпиада оюндары үчүн Европадагы тандоо оюндарынын финалында Германияны 3-0 эсебинде утуп алып олимпиадаларга катышууга жолдомо алды.

Нидерландиянын кожоюндугунда Апельдорн шаарында өткөн турнирдин финалдык беттешүүүсүнө абдан таасирдүү баштаган Түркия, биринчи оюнду 25-17 эсебинде утту.

Айымдардан турган «А» улуттук волейболчулар таасирдүү оюну менен экинчи бөлүмдү дагы 25-19 эсебинде утту жана 2-0 үстөмдүккө ээ болду.

Үчүнчү бөлүмдө оюн тартибин катуу кармаган Түркия командасы 25-22 эсебинде утуп, оюнду 3-0 менен жеңди.

Айымдардан турган «А» улуттук волейбол командасы тарыхында экинчи ирет олимпиага жолдомо алды.

Улуттук курама команда 3-0 менен жеңип алып 2020 Токио олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Твиттер барагынан бөлүшкөн маалыматында Волейболчу айымдарды куттуктады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп да социалдык медиа барагы Твиттерден берген билдирүүсүндө, « Өлкөбүздү сыймыктандырган волейболчу айымдарыбызды чын жүрөктөн куттуктаймын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар