Албания-Түркия беттешүүсү

Албания-Түркия беттешүүсүн кайсы калыс башкарат?

1166910
Албания-Түркия беттешүүсү

2020-жылы өтүүчү УЕФА Европа чемпионатынын тандоо беттешүүлөрүндө Түркиянын футбол боюнча А улуттук курама командасы 22-март жума күнү атаандаштын талаасында Албания менен ойной турган оюнду Германиянын футбол федерациясынан Тобиас Стилер башкарат.

Албаниянын Шкодра шаарындагы «Лоро Боричи» стадионунда өтө турган жана Түркия убактысы боюнча саат 22.45те баштала турган беттешүүдө Стилердин жардамчылары Майк Пикель менен Кристиан Гиттельманн болот.

Футболдук мелдеште төртүнчү калыс катары Кристиан Дингерт кызмат кылат.

 



Тектеш кабарлар