Анадолу Эфес эртең Химкини тосуп алат
Таймаш саат 20.30да башталат.
1333331
Түркиянын баскетбол боюнча Анадолу Эфес командасы, Түрк аба жолдору Европа лигасынын 17-аптасында эртең Орусиянын өкүлү Химки менен беттешет.
Стамбулдагы «Синан Эрдем» спорт залында өтө турган таймаш саат 20.30да башталат.
Анадолу Эфес буга чейин ойнолгон 16 оюндун 13үн жеңди. Түрк курамасы өткөн аптада Израилдин Маккаби FOX командасын өз талаасында 99-79 упай эсебинде уткан болчу.
Конок Химки болсо Франциянын АСВЕЛ командасын атаандаштын талаасында 92-88 упай эсебинде жеңген.
Анадолу Эфес 13 жеңиш, 3 жеңилүү менен экинчи, Химки болсо 8 жеңиш жана 8 жеңилүү менен жетинчи орунда турат.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.