Анадолу Ефес Литва талаасында ойнойт
Залгирис алгачкы айларда Стамбулда ойнолгон беттештен 93 – 79 упайга жеңилүү менен чыккан.
1120830
Анадолу Ефес баскетбол командасы Түрк аба жолдору Европа лигасынын 17 - жумадагы оюнунда эртең Литванын командасы Залгириске конок болот.
Куанас шаарындагы Залгирио Аренада өтө турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 21: 30да башталат.
Бул сезондо Европа баскетболунун клубдар деңгээлиндеги жарышта 10 жеңиш жана 6 жеңилүүнү башынан өткөргөн Анадолу Ефес мүмкүнчүлүк менен 4 - орунду алууда.
Кирген оюндардын жетөөсүндө жеңишке жетишип, тогузунда жеңилген Залгирис болсо мүмкүнчүлүк менен 9 - баскычта орун алды.
Залгирис алгачкы айларда Стамбулда ойнолгон беттештен 93 – 79 упайга жеңилүү менен чыккан.