Арсенал менен Шеффилд Юнайтеддин оюну ТРТда көрсөтүлөт

Бул сезондо тизменин баш саптарына чыга албаган Арсенал, 23-аптада Шеффилд Юнайтедди тосуп алат. Катуу таймаш ишемби күнү саат 18:00де ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде берилет.

1342714
Арсенал менен Шеффилд Юнайтеддин оюну ТРТда көрсөтүлөт

 

Англиянын Премьер лигасында толкундануу уланууда. Бул сезондо тизменин баш саптарына чыга албаган Арсенал, 23-аптада Шеффилд Юнайтедди тосуп алат. Катуу таймаш ишемби күнү саат 18:00де ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде берилет.

Англиянын Премьер лигасында 23-аптанын толкундануусу болуп жатат.

Бул сезон тизменин башына чыкпай калган Арсенал, Шеффилд Юнайтед менен беттешет.

28 упай менен онунчу орунда турган замбирекчилер, атаандашын жеңип алып тизменин жогору жагына чыгууга аракет кылмакчы.

Арсенал, жаңы машыктыруучусу Микель Артета, башкаруусунда чыккан төрт оюнда 1 жеңиш, 2 теңме-тең жана 1 жеңилүүгө учурады.

Лондон командасы бул оюндарда 5 гол киргизсе, дарбазасына кирген төрт голду көрдү.

Шеффилд Юнайтед тарабы да татаал таймаш үчүн даярданууда.

Тизмеде 32 упай менен алтынчы орунда турган кызыл-актуу команда Арсеналды утуп кайткысы келип турат.

Эмирейтс стадионундагы оюн саат 18:00де башталат.

Бул татаал таймаш ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде берилет.



Тектеш кабарлар