Атактуу футболчу Роналдунун дагы бир ийгилиги...
Упай таблицасынын 2-катарындагы Ювентус 6-орундагы Кальярини тосуп алды.
1336088
Италиянын биринчи футбол лигасынын (Serie A) 18-аптасында Ювентус Кальярини 4-0 эсебинде утуп алды.
Упай таблицасынын 2-катарындагы Ювентус 6-орундагы Кальярини тосуп алды.
Түркиянын улуттук футболчусу Мерих Демирал 90 мүнөт бою форма кийген Ювентус, Криштиану Роналдунун 49, 67 жана 82 мүнөттөрдө, Игуаиндин 81 мүнөттө киргизген голдору менен 4-0 эсебинде утту.
Португалиялык чабуулчу Роналду, Serie Aда алгачкы, карьерасында 56-жолу хэт-трикке жетишти.
Удаама-удаа 3 оюнду жеңген Ювентус, упайын 45ке жеткирди.