Бешикташ ийгилигин улантууда...

1-0 эсеби менен бүткөн оюндан кийин Бешикташтын упайы 18ге жогорулады.

1303930
Бешикташ ийгилигин улантууда...

Супер лиганын 11-аптасынын таймаштарында Бешикташ менен Денизлиспор беттешти.

Водафон паркта болгон оюнда аянттан жеңиш менен чыккан тарап Бешикташ болду.

Кожоюн командага жеңишти алып келген жалгыз голду 70-мүнөттө Кевин Н'Куду киргизди.

1-0 эсеби менен бүткөн оюндан кийин Бешикташтын упайы 18ге жогорулап, тизмеде 8-орундагы ордун коргоду.

Денизлиспор болсо 11 упайда калып лигадан чыгып калуу чекитинен алыстай алган жок.



Тектеш кабарлар