Бүшра Европа чемпиону болду

Түркиялык мушкер Бүшра украиналык атаандашын жеңип алтын медалга ээ болду.

1267277
Бүшра Европа чемпиону болду

Жаштар арасында бокс боюнча Европа чемпионатында Бүшра Ышылдар 81 килограмм салмакта чемпион болду.

Болгариянын баш калаасы Софияда уюштурулган чемпионаттын финалында таймашка чыккан Бүшра украиналык атаандашы Мария Кривонисти жеңип алтын медалга ээ болду.

Чемпионатты улуттук курама 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен аяктады.

75 килограмм салмакта финал таймашына чыккан Сена Эрдоган, латвиялык атаандашы Габриэле Диконтаитеге утулуп калып күмүш медалдын ээси болду.

Ал эми 81 килограмм салмакта Эланур Сагит англиялык атаандашы Эмили Асквитке утулуп калды жана күмүл медаль тагынды.

Эркектер арасында 64 килограмм салмакта болсо Мехмет Айдемир чемпионатты коло менен аяктады.

 



Тектеш кабарлар