Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын мелдештери качан болот?

Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы жаңы типтеги коронавирустун себебинен кийинкиге жылдырылган мелдештерди кайрадан уюмдаштырып жаңы мелдеш өтчү күндөрүн жарыялады.

1416551
Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын мелдештери качан болот?

Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынын себебинен жоюлган жана кийинкиге жылдырылган мелдештерди кайрадан уюмдаштырып жаңы мелдеш өтчү күндөрүн жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы кийинкиге жылдырылган мелдештердин август-октябрь айларынын аралыгында өткөрүлө турганын жарыялады.

Буга караганда, жаңы календарда Алмаз Лигасынын эки баскычы жокко чыгарылды жана сезондук упай системасы быйыл үчүн жоюлду.

11 баскычтан турган Алмаз лигасы быйыл 14-августта Монакодо башталат  жана ар бир жарыш жекече түрдө ишке ашырылат.

Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын жарыясында жаңы календардын Covid-19 пандемиясынын жалпы абалына жараша түзүлгөнүн жана чукул кырдаал болуп калса кайрадан жаңылана турганын жарыялады. Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясы айрыкча улуттук чемпиондор календарынын да 8-9-августта өткөрүлүшүн сунуштады.



Тектеш кабарлар