Чагла Бүйүкакчай Фужейра Опен мелдешинде чемпиондукка жетишти

Бул жеңиш менен кесиптик карьерасынын 15-жуптук чемпиондугуна жетишкен улуттук теннисчи Чагла Бүйүкакчай, мелдешти жекеме-жеке таймашта чейрек финалда аяктады.

1569942
Чагла Бүйүкакчай Фужейра Опен мелдешинде чемпиондукка жетишти

Улуттук теннисчи Чагла Бүйүкакчай, Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өткөн Фужейра Опен мелдешинде швейцариялык өнөктөшү Виктория Голубич менен жуптук чемпионатты жеңип алды.

Чагла Бүйүкакчай ITF турниринде өнөктөшү Виктория Голубич менен жалпы суммасы 25000 АКШ долларын түзгөн беттешсиз биринчи турдан өттү.

Фужейра шаарындагы катуу жер мелдешинде, Чагла жана Голубич чейрек финалда Кристина Букса (Испания) -Река-Лука Жани (Венгрия) жубун 6-4 жана 6-2, ал эми жарым финалда 2-орунду ээлеген Наикта Бейнс (Улуу Британия) -Рутужа Бхосале (Индия)  жубун 7-6, 5-7, 11-9 менен жеңип, финалга чыккан.

Чагла-Голубик жубу 1 саат 42 мүнөткө созулган акыркы кармашта 3-катардагы Эн Шуо Лян (Тайвань) -Сяоди Юни (Кытай) жубун 5-7, 6-4, 10-4 эсебинде жеңип чемпион болду.

Бул жеңиш менен кесиптик карьерасынын 15-жуптук чемпиондугуна жетишкен улуттук теннисчи Чагла Бүйүкакчай, мелдешти жекеме-жеке таймашта чейрек финалда аяктады. Чагла чейрек финалда өнөктөшү Голубичке утулуп калды.



Тектеш кабарлар