Чаглар Сөйүнчү Премьер лигада жылдын 11 оюнчусуна кирди

Коргоо милдетин аткарган 24 жаштагы улуттук оюнчу Чаглар, Премьер-лиганын алдыңкы 11 оюнчусунун катарына кирди.

1487390
Чаглар Сөйүнчү Премьер лигада жылдын 11 оюнчусуна кирди

Лестер шаарында ойноп жаткан улуттук футболчубуз Чаглар Сөйүнчү Улуу Британиянын Профессионалдык футболчулар коому тарабынан Премьер лигада жылдын 11не тандалып алынды.

Коргоо милдетин аткарган 24 жаштагы улуттук оюнчу Чаглар, Премьер-лиганын алдыңкы 11 оюнчусунун катарына кирди.

«Манчестер Сити» оюнчусу Кевин Де Брюйне сезондун мыкты оюнчусу деп табылса, «Ливерпульдун» оюнчусу Трент Александр-Арнольд эң мыкты жаш оюнчу болду.

2019-2020 сезонунда Премьер Лиганын эң мыкты 11 оюнчусу:

Дарбазачы: Ник Поп (Бернли)

Коргоочу: Чаглар Сөйүнчү, Александр-Арнольд, Виргилий Ван Дайк (Ливерпуль), Эндрю Робертсон (Ливерпуль)

Жарым коргоочу: Жордан Хендерсон (Ливерпуль), Кевин Де Брюйне, Давид Силва (Манчестер Сити)

Чабуулчулар: Садио Мане (Ливерпуль), Пьер-Эмерик Обамеянг (Арсенал), Жейми Варди (Лестер Сити)

 



Тектеш кабарлар