Чавушоглу: "Эми жикчилдик спорт аянттарында..."

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Антальянын Алания районунда апрель айында жол кырсыгында каза тапкан Аланияспор командасынын оюнчусу Жосеф Суралдын ысымы берилген балдардын оюн паркынын ачылыш аземине катышты.

1304849
Чавушоглу: "Эми жикчилдик спорт аянттарында..."
2019_11_alanya2-W1120.jpg
2019_11_alanya1-W1120.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа өлкөлөрүндө түрк спортчуларынын аскер саламын берди деп сабалып жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Антальянын Алания районунда апрель айында жол кырсыгында каза тапкан Аланияспор командасынын оюнчусу Жосеф Суралдын ысымы берилген балдардын оюн паркынын ачылыш аземине катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Чавушоглу, Аланиянын мэри Адем Мурат Йүжелге парк үчүн ыраазычылык билдирип, маанилүү ачылыш аземине катышканын айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Анткени Аланияспорубуздун баалуу оюнчусу Жосеф Сурал, футбол ойноп кайтып келе жатканда жолдоштору менен бирге жол кырсыгына кабылып каза болду. Бүткүл дүйнө жана Түркия кайгырды. Түрк улуту ишенимдүү. Ошол ишенимин Аланиябыз орундатууда»,-деди.

Жикчилдиктин спортту кандай коркутканынын Европадагы оюндарда көрүнүп жатышы санааркатуучу экенин баса белгилеген Чавушоглу, «аскер саламы» темасына токтолду.

Кубанууларын урматтагандарын жана абалды ошондой кабыл алгандарын айткан Чавушоглу: «Ал эми азыр Европада, өзгөчө Батышта көрүп жатабыз. Футболчуларыбыз, балбандарыбыз же берки спорт тармактарындагы жаштарыбыз сабалып жатат. Эң акыркысы Грецияда 2 гандболчубуз аскер саламын берди деп сабалды. Германияда аскер саламын берди деп, президентибиз менен өткөн жылы жолугушту деп спортчуларга көрсөтүлгөн кыстоолорду, зомбулуктарды эң жогорку деңгээлде, мамлекеттик деңгээлде көрдүк жана уялдык. Чындап эле уяткаруучу абал эле. Спортко саясатты кандай аралаштырганын көрүүдөбүз. Муну да (паркты) көргөндө улутубуз менен дагы бир жолу сыймыктанабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар