Чемпион Фенербахче Опет...

Эффективдүү оюнун уланткан Фенербахче Опет үчүнчү сетти 27-25 эсебине жеткирип, матчты 3-0 эсебинде утуп алып чемпиондугун жарыялады.

2130382
Чемпион Фенербахче Опет...

Vodafone Волейбол боюнча Султандар лигасында 2023-2024 сезонунун эң күчтүүсү жарыяланды...

Финал сериясынын 5-матчында Эжзажыбашы Динавитти кабыл алган Фенербахче Опет 3-0 эсебинде жеңип, 7-чемпиондугун жарыялады.

Гигант дербинин биринчи сетинде үй ээси Фенербахче Опет 25-18 эсебинде утуп, 1-0 эсебинде алдыга чыкты.

Беттештин экинчи сетинде «сары-көк түстөгү команда» 25-22 эсебинде алдыда аяктап, эсепти 2-0 кылды.

Мелдеш жогорку деңгээлде өткөн үчүнчү сетте 6-6 эсебинде тең чыгуу орун алды.

Экзажыбашы Динавит бул мүнөттөрдө айырманы 3кө жеткиргени менен Фенербахче Опет Ана Кристинанын топ баштоо оюну менен эсепти 10-10го жеткирди.

Конок команда кайрадан 16-13 эсебинде артыкчылыкка ээ болсо да, Фенербахче Опет алган упай менен 17-17 эсебин теңеди.

Эффективдүү оюнун уланткан Фенербахче Опет үчүнчү сетти 27-25 эсебине жеткирип, матчты 3-0 эсебинде утуп алып чемпиондугун жарыялады.

Катары менен экинчи, жалпысынан 7-чемпиондугун жарыялаган Фенербахче Опет, өткөрүлгөн аземде кубогун алды.



Тектеш кабарлар