Чемпиондор лигасынын плей-офф туру
Плей-офф реванш беттешүүсү 3 оюн менен башталды.
1500218
УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2020-2021-жылкы сезонунда плей-офф турунан өткөн Динамо Киев, Ференцварош жана Олимпиакос командалары тайпалык баскычка чыгышты.
Европа футболунун клубдук деңгээлдеги эң маанилүү турниринин плей-офф реванш беттешүүсү 3 оюн менен башталды.
Украинанын Динамо Киев, Венгриянын Ференцварош жана Грециянын Олимпиакос командалары плей-офф турунан өтүп, турнирде тайпалык баскычка чыгышты.
Жыйынтыктары:
Динамо Киев (Украина) - Гент (Бельгия): 3-0 (2-1)
Ференцварош (Венгрия) - Молде (Норвегия): 0-0 (3-3)
Омония (Кипрдин Рум бөлүгү) - Олимпиакос (Греция): 0-0 (0-2)