Чемпиондукту утуп алган улуттук волейболчулар өлкөгө кайтып келишти

Түркиянын курамасы алтын медалга ээ болду.

1482743
Чемпиондукту утуп алган улуттук волейболчулар өлкөгө кайтып келишти

Кыздар арасында волейбол боюнча 2020-жылкы Европа чемпионатында алтын медалга ээ болгон Түркиянын 19 жашка чейинки кыздардан куралган курамасы Стамбулга келди.

Түрк курамасын Стамбул аэропортунда Түркиянын волейбол федерациясынын кызматкерлери гүлдөр менен жана "Жаш волейболчуларды куттуктайбыз" деген баннерлер менен тосуп алышты.

Ай-жылдыздуу команданын капитаны Чагла Салих: «Биз өлкөбүзгө чемпиондук менен кайтып келгенибизге кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Бул көз ирмемдерди өмүр бою унутпайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар