Данияр Исмаилов 3 медалды багындырды

Улуттук штангачы Данияр Исмаилов  Өзбекстанда өткөрүлгөн 6 -  Эл аралык спорт кубогунда 3 алтын медалды багындырды.

1357237
Данияр Исмаилов 3 медалды багындырды
2020_SUBAT_madalya.jpg

Улуттук штангачы Данияр Исмаилов  Өзбекстанда өткөрүлгөн 6 -  Эл аралык спорт кубогунда 3 алтын медалды багындырды.

8- февралда башталган жана 12 -  февралда аяктай турган 6 -  Эл аралык спорт кубогу улантылууда.

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте өтүп жаткан кубок 2020 Токио олимпиадаларына квота үчүн балл берүүдө.

Кубоктун экинчи күнүндө эркектер категориясында 73 килограммда Түркиянын атынан катышкан Данияр Исмаилов 3 алтын медаль алды. Исмаилов жулкуп көтөрүүдө 157 килограмм, силкүүдө 187 килограмм, жалпыда болсо 344 килограмм менен трибунанын биринчи баскычына чыкты.

Аялдар категориясында 64 килограммда чыккан Берфин Алтун жулкуп көтөрүүдө 91 килограмм менен күмүш, силкүүдө 118 килограмм менен алтын медалды багындырды.

Эркектер категориясында 67 килограммда  улуттук спортчу Ферди Хардал жулкуп көтөрүүдө 126 килограмм, силкүүдө 160 килограмм, жалпыда 286 килограмм көтөрүп 3 күмүш медалга жетишти.

Турнирдин экинчи күнүндө спортчулар жетөөсү алтын, сегизи күмүш, экөөсү коло медаль алып жалпы 17 медалга жетишти.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар