Дарүшшафака Текфен эртең Орусиянын командасы СЦКА Москваны тосуп алат

Стамбулда Волксваген Аренада ойноло турган Дарүшшафака Текфен – СЦКА Москва беттеши Түркия убактысы боюнча саат 20: 15те башталат.

1121660
Дарүшшафака Текфен эртең Орусиянын командасы СЦКА Москваны тосуп алат

Түрк аба жолдорунун Европа лигасынын он жетинчи жумасындагы оюнда Дарүшшафака Текфен эртең Орусиянын командасы СЦКА Москваны тосуп алат.

Жаман бир сезон өткөргөн Дачка бир гана 2 жеңиш менен лиганын акыркысы болду.

Атаандаш орусиялык команда болсо 16 оюндун 12синде жеңүүчү болуп үчүнчү орунду алды. Европа лигасында эки команданын ортосунда ойнолгон төрт оюндан үчөөсүн СЦКА Москва жеңип алды.

Орусиянын командасы бул сезондо Москвадагы беттештен 79 – 75 упай менен чыккан.

Бири биринин артынан үчүнчү жолу атаандаштын талаасында оюнга чыга турган СЦКА Москва Панатинайкоско жеңилип, өткөн жумада Залгирис Каунасты жеңди.

Стамбулда Волксваген Аренада ойноло турган Дарүшшафака Текфен – СЦКА Москва беттеши Түркия убактысы боюнча саат 20: 15те башталат.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар