Демир груп Сивасспордун ийгиликтери...

Кызыл ак түстүү команда өз талаасында ойногон 11 беттешүүдө 8 жеңиш, 3 теңме-тең болуп эч жеңилүүгө учураган жок.

1357322
Демир груп Сивасспордун ийгиликтери...

Сивасспор өз талаасында жеңилүүгө учурай элек.

Сивасспор бул сезондо Супер Лигада ички аянтта жеңилбеген жалгыз команда болгондугу менен сыймыктанууда.

Кызыл ак түстүү команда өз талаасында ойногон 11 беттешүүдө 8 жеңиш, 3 теңме-тең болуп эч жеңилүүгө учураган жок.

Рыза Чалымбайдын окуучулары ички аянттагы ийгиликтүү оюндары менен 27 упай топтоп 42 упай менен тизменин башында турат.

Үйүндө ойногон таасирдүү футболго көңүл бурган Ички Анадолу командасы, бул беттешүүлөрдө 21 гол киргизип, дарбазасына болгону 7 топ кирди.

Сезонду өз талаасында Бешикташты 3-0 менен жеңип баштаган Сивастын өкүлү, 5-аптада Трабзонспорду 2-1 менен утуп алды.

Йигидолор 16-аптада Фенербахче менен ойноп аянттан 3-1 эсебинде жеңиш менен чыкты.

Демир груп Сивасспордун лигада үйүндөгү акыркы жеңилүүсү, өткөн сезондун 29-аптасында 2019-жылдын 22-апрелинде Бешикташ менен ойногондо болгон.

Кызыл-ак түстүү команда өз талаасында ойногон 11 оюнда бир гана Газиантепспор футбол клубу, Чайкурризеспор жана Медиполь башакшехир менен теңме-тең чыккан.

Ички аянт оюндарынын эң ийгиликтүү командасы болгон Демир груп Сивасспор атаандаш талаасында ойногон 10 беттешүүдө болсо 4 жеңиш, 3 теңме-тең чыгуу жана 3 жеңилүүгө учурады.



Тектеш кабарлар