Дүйнөлүк штанга чемпиондугу

Ушул күнгө чейин чемпиондукта 144 медаль ээлерине тапшырылды.

1084885
Дүйнөлүк штанга чемпиондугу

Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта өтүп жаткан дүйнөлүк штанга чемпиондугу улантылууда. Ушул күнгө чейин чемпиондукта 144 медаль ээлерине тапшырылды.

Күндүн биринчи медалы 102 колограммда ээсине берилди.

Өзбекстандык спортчу Жороев Акбар жулкуп көтөрүүдө 180 килограмм менен алтын медалдын ээси болду.

Силкип көтөрүүдө 210 килограммды көтөргөн ирандык Беиралванд Реза подиумдун биринчи баскычына чыкты. Ирандык Хашеми Али да 396 килограмм менен алтын медалга жетишти.

Аялдар 81 килограммда да медалдар таркатылды.

Жулкуп көтөрүүдө испаниялык Валентин Перез Лидиа 113 килограммды көтөрүп алтын медалдын ээси болду.

Белорусиялык спортчу Наумава Даря менен экваторлук Салазар Тамара Яджайра экөөсү да 137 килограмм көтөрдү.

Атаандашынан 1 килограмм дагы жеңил болгон Даря бул мүмкүнчүлүгү менен алтын медалга жетишкен ысым болду.

Испаниялык спортчу Валентина Перез Лидиа 249 килограмм менен экинчи алтын медалын алды. Чемпиондукта Кытай чогулткан 45 медаль менен биринчи орунда турат.



Тектеш кабарлар