Эл аралык Теннис Турнири Кытайда улантылууда
Эшли Барти менен Белинда Бенчич жарым финалга аттарын жаздырды.
1298540
Аял теннисчилеринин мыктылары орун алган Эл аралык Теннис Турниринин сезон акырындагы финалдары Кытайдын Шензен шаарында улантылууда.
Кызыл группада беттешкен дүйнө биринчиси Эшли Барти чехиялык Петра Квитова менен беттешти. Барти биринчи сеттен 6- 4 упай менен өттү. Экинчи сетте оюнду 2 – 0 менен утуп алган Барти атын жарым финалга жаздырды.
Дүйнө жетинчиси швейцариялык Белинда Бенчич нидерландиялык Кики Бартенс менен беттешти. Беттештин биринчи сети Бенчичтин 7 – 5 упай жогорулугу менен аяктады жана швейцариялык теннисчи экинчи сетте да 1 – 0 алдыда кетип, Бартенс жаралангандыгы үчүн оюндан чыкты жана Бенчич Бартиден кийин жарым финалга атын жаздырган ысым болду.