Эң көп киреше тапкан футболчу Месси...

«Форбс» журналынын тизмеси.

1491082
Эң көп киреше тапкан футболчу Месси...

Испаниянын "Барселона" командасында ойногон Лионель Месси быйыл эң көп пайда тапкан футболчулардын тизмесинде биринчи орунду ээледи.

«Форбс» журналы эмгек акы, демөөрчүлөрдүн кирешеси жана бонусту эске алып даярдаган тизмеде Барселонанын аргентиналык жылдызы Месси 126 миллион доллар менен 2020-жылдын эң көп киреше тапкан оюнчусу болду.

Мессиден кийин Италиянын "Ювентус" командасынын португалиялык жылдызы Криштиану Роналду 117 миллион долларлык киреше менен экинчи орунду ээледи.

Ал эми Франциянын Пари Сен-Жермен (ПСЖ) командасында ойногон  бразилиялык Неймар 96 миллион долларлык киреше менен үчүнчүлүктү алды.



Тектеш кабарлар