EURO 2020нын тандоолорунун үч тайпасында беттешүүлөр болду

Европа футболунун улуттук курама командалар деңгээлиндеги эң престиждүү уюштуруусу EURO 2020нын тандоолорунда «D», «F» жана «J» тайпаларында 8 беттешүү болду.

1308925
EURO 2020нын тандоолорунун үч тайпасында беттешүүлөр болду

2020 Европа футбол чемпионатынын (EURO 2020) тандоолорунда үч тайпада акыркы аптанын оюндары ойнолду.

Европа футболунун улуттук курама командалар деңгээлиндеги эң престиждүү уюштуруусу EURO 2020нын тандоолорунда «D», «F» жана «J» тайпаларында 8 беттешүү болду.

Кечтин мыкты беттешүүсү «D» тайпасындагы чемпиондукка жетиш үчүн таймашкан Ирландия Республикасы менен Даниянын ортосунда болду.

Атаандаш талаасында Ирландия менен 1-1 болуп теңме-тең чыккан Дания, 16 упай менен экинчиликти алып чемпиондукка катышууга жолдомо алды.

Гибралтарды атаандаш талаасында 6-1 менен утуп алган Швейцария да 17 упай менен тайпанын сап башында орун алып EURO 2020га катышуу укугуна ээ болду.

 «F» тайпасында чемпиондукка катышууну мындан мурда гарантиялаган командалардан Испания, өз талаасында Румынияны 5-0дүк айрыма менен утуп алып тайпасын 26 упай менен сап башында бүтүрдү.

Швеция да аянтында Фарер аралдарын 3-0гө утуп алып 21 упай менен тайпасында экинчиликти алды.

Бул тайпада ойнолгон берки оюнда Норвегия, Мальтаны атаандаш талаасында 2-1 менен жеңсе, жеңиш голун Трабзонспордо ойногон Александр Сёрлот киргизди.

«J»  тайпасында орун алган Роберто Манчини башкарган Италия командасы өз талаасында Арменияны 9-1 менен утуп алып кечтин айырмалаганган жеңишине ээ болсо, тайпаны да 30 упай топтоп тизменин башында бүтүрдү.

Грецияга атаандаш талаасында 2-1 менен жеңилген Финляндия дагы 18 упай менен экинчи болуп чемпиондукка катышууга жолдомо алды.

Тайпалардан алынган жыйынтык төмөнкүдөй:

«D» тайпасы

Гибралтар-Швейцария: 1-6

Ирландия-Дания: 1: 1

«F» тайпасы

Испания-Румыния - 5: 0

Мальта-Норвегия: 1-2

Швеция-Фарер аралдары: 3: 0

«J» тайпасы

Италия-Армения - 9: 1

Лихтенштейн-Босния жана Герцеговина - 0: 3

Греция-Финляндия - 2: 1



Тектеш кабарлар