Фенербахче Беко Испанияда жеңишке жетишти...

Фенербахче Беко Испаниянын Баскония командасы менен атаандаш талаасында беттешти.

1338178
Фенербахче Беко Испанияда жеңишке жетишти...

Бул сезон Түрк аба жолдорунун Европа лигасында мурдагы күндөрүн издеген Фенербахче Беко Испаниянын Баскония командасы менен атаандаш талаасында беттешти.

Фенербахче 18-аптанын таймаштарында биринчи чейректи 20-11 эсебинде алдыда бүтүрдү.

Обрадивичтин окуучулары экинчи чейректе да таасирдүү оюнун улантты.

Өзгөчө коргонууда мыкты оюнду көрсөткөн Фенербахче чечинүүчү бөлмөгө 42-28 эсебинде алдыда кирди.

Фенербахче тең салмактуу өткөн үчүнчү чейректен кийин акыркы 10 мүнөттүк тыныгууга да 62-45 эсебинде үстөмдүк менен кирди.

Акыркы чейректе айырманын азайышына уруксат бербеген Фенербахче Беко атаандашын 79-65 эсебинде жеңди.

Фенербахчеде Лео Вестерманн атаандаштын айлампасына 7 жолу үч упайлык топ салды.

21 упай топтогон Лео Вестерманн Европа лигасында карьера рекордун да жаңылады.

Басконияда болсо Торнике Шенгелиянын 21 упайы жеңиш үчүн жетиштүү болгон жок.

Өкүлүбүз Европа лигасындагы 7-жеңишине жетишкен болду.



Тектеш кабарлар