Фенербахче Беко Олимпиакосту утту
Фенербахче THY Европа лигасындагы 4 оюндан берки жеңилүү сериасын токтотту жана биринчи жарымдын акыркы беттешүүсүндө 6-жеңишине жетишти.
Баскетбол боюнча Түрк аба жолдорунун (THY) Европа лигасынын 17-аптасында Фенербахче Беко,атаандаштын аянтында грек командасы Олмпиакосту 96-87 упай менен жеңип алды.
Фенербахче THY Европа лигасындагы 4 оюндан берки жеңилүү сериасын токтотту жана биринчи жарымдын акыркы беттешүүсүндө 6-жеңишине жетишти. Олимпиакостун болсо удаама-удаа үчүнчү, жалпы 11-жеңилүүсү болду.
Беттешүүнү ичкериден жана тышкарыдан жакшы баштаган Олимпиакос, алгачкы 2 мүнөттө 8-2 эсебинде алдыга өттү. Слоукастын күчтүү оюну менен Фенербахче Беко оюнга ээлик кыла баштады жана биринчи чейректи 22-20 упай менен алдыда бүтүрдү.
Экинчи чейректи Мелих Махмутогулунун 3 упай киргизүүсү менен баштаган Фенербахче Беко, тыныгууга 52-40 эсебинде, финал чейрегине болсо 74-61 эсебинде кирди.
Акыркы чейректе Вестернман менен упай топтогон Фенербахче Беко, 34-мүнөттө айырманы 18ге жогорулатты; эсеп 66-84 болду. Акыркы бөлүмдө Олимпиакос айырманы азайтууга аракет кылса дагы Фенербахче Беко, аянттан 96-87 эсебине жетишип жеңиш менен чыкты.
Олимпиакостун грек жылдызы Вассилис Спаноулис, Европа лигасынын тарыхында эң көп упай топтогон ысым болду.
Беттешүүнү 14 упай топтоп бүтүргөн 37 жаштагы оюнчу, Европа лигасында жалпы 4 миң 157 упай топтогон болду.
Спаноулис, баскетболду таштаган испан жылдызы Хуан Карлос Наварродон ашып кетти. Наварро Европа Лигасында 4 миң 152 упай топтогон.