Фенербахче клубунун төрагасы Али Коч УЕФАны сынга алды

Али Коч : "Эң негизгиси УЕФА саясатка аралашпаш керек. Бул процесстин эртерээк жабылышы эки тарап үчүн  пайдалуу болот»,- деди.

1298534
Фенербахче клубунун төрагасы Али Коч УЕФАны сынга алды

 Фенербахче клубунун төрагасы Али Коч А улуттук курама командасынын футболчулары берген «аскер саламына» тергөө баштаткан УЕФАны сынга алды.

Али Коч : «Европанын саясий чөйрөсү УЕФАнын мамилесине таасирин тийгизип жаткандыгын  капалануу менен айтып жатам. Бул талкуулар толугу менен капалантуучу. Бул биздин улуттук маселебиз. Жаза аларыбызды ойлобоймун. Жаза берилбеген башка мисалдар бар. Көп болсо эрежелерди өзгөртүп аскер саламына тыюу салат. Биз үчүн жаңы эреже чыгарылган болот. Бул биздин улуттук дообуз. Биз улутчул өлкөбүз, мекенибизди бекем кучактаган өлкөбүз. Буга жазанын берилиши сөз боло албайт. Биз да өзүбүздү мыкты коргойбуз. Бул бир билдирүү. Эң негизгиси УЕФА саясатка аралашпаш керек. Бул процесстин эртерээк жабылышы эки тарап үчүн  пайдалуу болот»,- деди.



Тектеш кабарлар