Фенербахче лидерликке жете алган жок
Кайсериспор бул сезондо алгачкы жеңишине жетишти.
Түркиянын Супер лигасынын 10-аптасында лигада акыркы тизмеде орун алган Истикбал эмерек Кайсериспор өз талаасында лидерлик үчүн анятка чыккан Фенербахчени 1-0 эсебинде утуп алды.
Кайсериспор бул сезондо алгачкы жеңишине жетишти.
Мэриянын «Кадир Хас» стадионунда болгон беттешүүгө ылдам баштаган Фенербахче биринчи таймда дарбазанын четиндеги устундарынан жана дарбазачы Лунгдан өтө алган жок.
Экинчи таймда чабуул менен ойногон Фенербахче болсо дагы Кайсериспордун 58-мүнөттө тажрыйбалуу голчусу Умут Булуттун киргизген голу менен оюнда 1-0 алдыга өттү.
Калган мүнөттөрдө Фенербахче чабуул койсо дагы гол киргизе алган жок.
Беттешүү 1-0 менен аяктады.
Бул жыйынтык менен Кайсериспор упайын 7ге жогорулатса, Фенербахче лидер Аланияспорттун упайын жоготкон оюнунда да мүмкүнчүлүккө жетише алган жок жана 17 упай бойдон калды.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.