Фенербахче жолун Европа лигасында улантат

Сары-көк түстөгү команда бул турда Чехиянын Словакко командасы менен беттешет.

1860471
Фенербахче жолун Европа лигасында улантат

Фенербахче УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2- тандоо турунда Украинанын өкүлү Динамо Киевди кабыл алып, реванш оюну 0-0 эсебинде аяктады.

Стамбулдагы Үлкер стадионунда өткөн беттеште 90 мүнөтү 1-1 эсебинде бүткөн мелдеш кошумча убакытка кетти.

Бул бөлүмдө дагы бир гол киргизген Украина өкүлү беттешти 2-1 эсебинде утуп алды.

Фенербахченин 53-мүнөттө Исмаил Йүксектин кызыл карточкасы менен 10 оюнчусу калды.

Түрк командасы беттештин 68-мүнөтүндө жеңген пенальтиден да пайда көрө алган жок.

Бул жыйынтык боюнча чемпиондор лигасы менен коштошкон Фенербахче жолун Европа лигасында улантат.

Сары-көк түстөгү команда бул турда Чехиянын Словакко командасы менен беттешет.



Тектеш кабарлар