Галатасарай 100-жеңишине жетишти
Галатасарай 3-тандоо турунда Хорватиянын Хайдук Сплит командасы менен беттешет.
1493087
УЕФА Европа Лигасынын 2-тандоо турунда Азербайжандын өкүлү Нефтчини 3-1 эсебинде жеңген Галатасарай, 3-тандоо турунда Хорватиянын Хайдук Сплит командасына атаандаш болду.
Мелдеш 24-сентябрь бейшемби күнү Түрк Телеком стадионунда өткөрүлөт.
Галатасарай Азербайжандагы таймашта Европа Кубокторундагы 100-жеңишине жетишти.
Түркиянын өкүлү Галатасарай УЕФА Европа Лигасынын экинчи тандоо турунда Бакунун Нефтчи командасын 3 - 1 эсебинде утуп алды.
Беттешүүдө 2 гол киргизген Мбайе Диагне өзүнүн командасын кийинки турга алып чыккан ысым болду. Ал эми экинчи гол Луиндамадан келди.
Нефтчинин жалгыз голун Мбодж киргизди.