Галатасарай удаама-удаа жеңиштерин улантууда
Түркиянын Супер лигасынын 20-аптасында Хес Кабель Кайсериспор менен Галатасарай беттешти.
1352121
Түркиянын Супер лигасынын 20-аптасында Хес Кабель Кайсериспорду өз талаасында беттешип 4-1 эсебинде уткан Галатасарай, удаама-удаа жеңиштерин улантууда.
Галатасарай 36 упайга жетти жана тизменин башындагы команда менен айырмасын 5ке, Фенербахче менен бирге түшүрдү.
Кайсериспор болсо 11 упай менен тизменин акырынан орун алды.
Галатасарайдын голдорун 5-мүнөттө Адам Бүйүк, 21-мүнөттө Риан Донк жана 64-мүнөт менен 90+4-мүнөттө Софиан Фегули киргизди.
Кайсериспордун жалгыз голун 69-мүнөттө Месанович киргизди.