Европа тхэквондо чемпиондугунда Эмре Куталмыш Атешли алтын медалга жетишти

Президент Р. Т. Эрдоган Европа Үмитлер тхэквондо чемпиондугунда алтын медалга жетишкен Атешлиге телеграмма жиберип куттуктады.

1085630
Европа  тхэквондо чемпиондугунда Эмре Куталмыш Атешли алтын медалга жетишти

Польшада өткөрүлгөн Европа  тхэквондо чемпиондугунда эркектерде  87 килограммда Эмре Куталмыш Атешли  алтын медалды багындырды.

Борбор шаар Варшавада  болгон чемпионатта улуттук спортчулар үчүнчү күндү 3 медаль менен аяктады.

Эркектер  87 килограммда Эмре Куталмыш Атешли алтын медаль, эркектер 68 килограммда беттешкен Мехмет Кани Полат болсо күмүш медалга жетишти.

Түркия үчүн коло медаль аялдар 57 килограммда  келди.

Бул категорияда  Тугба Йылмаз коло медалдын ээси болду.

Президент Р. Т. Эрдоган Европа Үмитлер тхэквондо чемпиондугунда алтын медалга жетишкен Атешлиге телеграмма жиберип куттуктады.

 



Тектеш кабарлар