Европа волейбол чемпионатында толкундануу уланууда...
«С» тайпасындагы Түркиянын улуттук курама волейбол командасы үй ээси Словения менен беттешти.
Европа волейбол чемпионатында толкундануу уланууда...
«С» тайпасындагы Түркиянын улуттук курама волейбол командасы үй ээси Словения менен беттешти.
Таймашты таасирдүү баштаган курама команда Адис Лагумдзиянын таасирдүү чабуулдары менен оюнду 8-3кө жеткирди бирок айырманы сактай алган жок.
Катуу таймаштан кийин 30-28 упай менен Словения утуп алды.
Экинчи бөлүмдү Словения жакшы баштап блоктору жетиштүү болбогон Түркияны 25-16 упай эсебинде утуп алды.
Акыркы бөлүмдө күйөрмандардын да колдоосун аркасына алган Словения 25-23 упай менен утуп, 3-0 эсебинде жеңди.
Словения «С» тайпасындагы 3-беттешүүсүнөн дагы жеңиш менен чыкты жана акыркы 16 команда ойной турган турга жолдомо алды.
Түркиянын болсо бул экинчи жеңилүүсү болду.
Түркия тайпасындагы төртүнчү оюнун 17-сентябрда Беларусь менен ойнойт.