Ювентус Миланды 2 - 0гө жеңди
Улуттук футболчу Хакан Чалханоглу формасын кийген Милан акыркы 7 жылдын чемпиону Ювентусту тосуп алды.
1086428
Италия биринчи футбол лигасында (Serie A) Ювентус Миланды 2 – 0гө жеңди.
Serie Aда 12 - жуманын жабылуу оюнунда улуттук футболчу Хакан Чалханоглу формасын кийген Милан акыркы 7 жылдын чемпиону Ювентусту тосуп алды.
Лиганын жеңилгис командасы Ювентус Мандзукичтин 8 жана Роналдунун 81 - минутада киргизген голу менен оюнда 2 – 0 упай менен жеңишке жетишти.
41 - минутада пеналтыдан пайдалана албаган Милан командасынан Игуаин 83 - минутада кызыл карточка алды.
Беттешти биринчи 11де баштаган Хакан Чалханоглу 74 минута аянтта ойноду.
Лидер Ювентус баллын 34кө жогорулатса, 5 - орундагы Милан 21 балл бойдон калды.