Кар волейболу-2020

Кар волейболу боюнча чемпионат Эржиесте өткөрүлөт.

1357562
Кар волейболу-2020

2020-жылкы кар волейболу боюнча дүйнөлүк чемпионаттын биринчи этабы 12-15-мартта Эржиес лыжа базасында өткөрүлөт.

Быйыл экиничиси өтө турган кар волейболу боюнча дүйнөлүк турдун 2020-жылдагы календары Эл аралык волейбол федерациясы тарабынан жарыяланды.

Спорттук иш-чаранын биринчи этабы 12-15-мартта Кайсеридеги Эржиес лыжа базасында өткөрүлөт. Экинчи этабы болсо 20-23-августта Аргентинада болот.

Түркия 2018-жылы Австрияда өткөрүлгөн кар волейболу боюнча чемпионаттын биринчисинде кыз-келиндер категориясында күмүш медалга ээ болгон болчу.



Тектеш кабарлар