Ковид-19га чалдыккан Энди Маррей ачык турнирге катыша албайт
Маррей: «Мен Австралиядагы ачык чемпионатка катыша албай турганыма капа болуудамын»
Коронавируска (Ковид-19) чалдыккан британиялык теннисчи Энди Маррей Австралиянын теннис боюнча ачык турнирине катыша албайт.
Өткөн жумада Ковид-19 тесттинен вирус табылган Маррей: «Мен Австралиядагы ачык чемпионатка катыша албай турганыма капа болуудамын»,-деди.
33 жаштагы теннисчи турнирдин кызматкерлери менен карантин темасында бир чечимге келе алышпагандыгын, ошондуктан турнирге катыша албай тургандыгын билдирди.
Эрежеге ылайык, 8-февралда баштала турган Австралиядагы ачык чемпионатка катышуучу теннисчилер турнирге 15 күн калганда мелдештер өтө турган Мельбурнг шаарына барып белгиленген жерлерде карантинге кириши керек.
Карьерасында 3 жолу чоң шлемдин чемпиону болгон Маррей Австралиянын ачык чемпионатында 5 жолу финалга чыкканына карабастан кубокко жете алган эмес.