Күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта Женгиз Арслан алтын медалга ээ болду

Румыниянын кожоюндугунда өтүп жаткан мелдеште 72 кг салмактагы балбан Женгиз Арслан алтын медалды багындырды.

1088523
Күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта Женгиз Арслан алтын медалга ээ болду

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилердин Дүйнөлүк чемпионатында 3 күн артта калды.

Румыниянын кожоюндугунда өтүп жаткан мелдеште 72 кг салмактагы балбан Женгиз Арслан алтын медалды багындырды.

Грузин Рамаз Зоидзе менен күч сынашкан балбан атаандашын жеңип алды жана трибунанын эң үстүңкү баскычына чыкты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, алтын медаль алган спортчу Женгиз Асланды куттуктады.

60 кг салмагындагы балбан Керем Камал үчүнчүлүк үчүн күч сынашкан өзбек атаандашы Ислам Бахрамовду 9-1 эсебинде утту жана коло медалдын ээси болду.

67 кг салмактагы балбаныбыз Мурат Фырат болсо орус атаандашына жеилип калып, чемпионатты медалсыз бүтүрдү.

Чемпионаттын үчүнчү күнүндө айрыкча айымдар арасында; 50, 55, 59, 68 жана 76 кг салмактарында тандоо таймаштары бар эле.

Күч сынашууларда 76 кг салмактагы балбан Айшегүл Өзбеге финалга жогорулады жана финалда кытайлык балбан айым менен беттешет.
 



Тектеш кабарлар