Күрөшчү Тевфик Кыш каза болду

Олимпиада, дүйнөлүк жана Европа чемпиону болгон мурунку улуттук күрөшчү Тевфик Кыштын жаназасы Анкарада жерге берилди.

1264871
Күрөшчү Тевфик Кыш каза болду
5d6faf5966a97c51d9e49a22.jpg

Олимпиада, дүйнөлүк жана Европа чемпиону болгон мурунку улуттук күрөшчү Тевфик Кыштын жаназасы Анкарада жерге берилди.

85 жашта каза болгон Кыш үчүн Кожатепе мечитинде жаназа расмиси өткөрүлдү. Кыштын жаназа расмисине үй  - бүлөсү жана жакындары менен жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Түркия Парламентинин мурунку спикери Жемил Чичек, жаштар жана спорт министринин орун басары Хамза Йерликая жана күрөш жамаатынан көп сандаган ысым катышты.

Түрк күрөшүнүн негизги ысымдарынан Тевфик Кыш 1960 Рим олимпиадаларында алтын медалга жетишкен. 1962 – 1963 -  жылдары дүйнөлүк чемпиондукка жетишкен Кыш 1966 – жылы Европа чемпиону болду.

1968 -  жылы күрөшүүнү токтоткон Кыш улуттук командада тренер, Түркия Күрөш Федерациясында башкаруучу болду.



Тектеш кабарлар