Льюис Гамильтон Формула - 1де биринчи орунду алды

Макс Верстаппе экинчи орунду,  ал эми Феррари командасынан Чарльз Леклерк үчүнчү орунду алды.

1466273
Льюис Гамильтон Формула  - 1де биринчи орунду алды

2020 Формула 1 Дүйнөлүк Чемпионатынын төртүнчү матчында Мерседес командасынын  британиялык учкучу Льюис Гамильтон Улуу Британиянын Гран-Принде биринчи орунду ээледи.

Март айында Австралияда башталышы күтүлгөн бирок жаңы тип коронавирустун айынан бир топ жарыш үчүн кечеңдетүү жана жоюу чечимин чыгарган Формула  - 1де сезондун төртүнчү жарышы, Британиянын Нортхэмптоншир аймагындагы 5 891  метрдик  Силверстоун аянтында 52 тур менен өткөрүлдү.

Гамильтон жарыштын башталышынан аягына чейин ийгиликтүү болуп, бул сезондо бири биринин артынан үчүнчү,  карьеринин да 87 -  жеңишине жетишти.

"Ред Булл" командасынын голландиялык учкучу Макс Верстаппен лидерден кийин экинчи орунду,  ал эми Феррари командасынан Чарльз Леклерк үчүнчү орунду алды.

Улуу Британиянын Гран-Приден кийин учкучтардын классификациясы төмөнкүчө болду :

1. Льюис Хэмилтон (Улуу Британия): 88 упай

2. Валттери Боттас (Финляндия): 58

3. Макс Верстаппен (Нидерланды): 52

4. Ландо Норрис (Улуу Британия): 36

5. Чарльз Леклерк (Монако): 33

 



Тектеш кабарлар