Медипол Башакшехир сезонду Касымпаша оюну менен жабат
Медипол Башакшехир чемпиондугун Башакшехир Фатих Терим стадионунда белгилейт.
1461819
Супер Лиганын 2019 – 2020 сезонунун акыркы оюнунда чемпион Медипол Башакшехир Касымпаша менен атаандаштын талаасында эртең беттешет.
Касымпаша Р. Т. Эрдоган стадионунда ойноло турган оюн саат 17:00дө башталат. Сары - көк формачан команда Супер Лигада 33 жумада чогулткан 69 балл менен чемпиондугун жарыялаган.
Лиганын ортолорунда орун алган Касымпаша болсо жумага 40 балл менен 10 - орунда кирди.
Медипол Башакшехир бул оюндан кийин чемпиондугун Башакшехир Фатих Терим стадионунда белгилейт.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.