Медиполь Башакшехир УЕФАда чейрек финал үчүн Копенгаген менен беттешет

Паркен стадионундагы матч эртең Түркия убактысы боюнча саат 19.55те башталат.

1466985
Медиполь Башакшехир УЕФАда чейрек финал үчүн Копенгаген менен беттешет

Медиполь Башакшехир УЕФА Европа Лигасынын 16-турунун реванш матчында эртең Даниянын Копенгаген командасына каршы беттешет.

Паркен стадионундагы матч Түркия убактысы боюнча саат 19.55те башталат.

УЕФАнын чечимине ылайык, беттешүү күйөрмансыз өтөт. 19-мартта ойноло турган реванш матчы коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) пайда болгондугуна байланыштуу кийинкиге калтырылган болчу.

Эгер Медиполь Башакшехир турдан өтсө, тарыхында биринчи жолу чейрек финалда Европа кубокторунда беттешет.

12-мартта Стамбулда ойнолгон алгачкы матчын Эдин Висканын 88-мүнөттө киргизген голу менен 1-0 эсебинде уткан Медиполь Башакшехир реванш беттешүүсүнүн алдында артыкчылыкка ээ болду.

 



Тектеш кабарлар