Мессинин жаңы рекорду

Барселона Венгриянын Ференцварош командасын 5-1 эсебинде утуп алды.

1513333
Мессинин жаңы рекорду

Чемпиондор Лигасынын «G» тайпасында орун алган Барселона Венгриянын Ференцварош командасын 5-1 эсебинде утуп алды.

Биринчи таймды Лионель Мессинин пенальти жана Ансу Фатинин голдору менен 2: 0 эсебинде жапкан Барселона, экинчи таймда Филиппе Коутиньо, Педри жана Османе Дембеленин голдору менен айырманы көбөйттү. Конок командасынын жалгыз голун Ихор Харатин пенальтиден киргизди.

Барселонанын аргентиналык жылдызы Месси мелдеште 16 сезондо катары менен гол киргизген биринчи оюнчу болуп, 16 ар башка сезондордо гол киргизген  Райан Гиггздин рекордун жаңылады.

Кызыл карточка алган Барселона оюнчусу Жерар Пике кийинки жумада «Ювентус» менен алардын талаасында боло турган беттешүүдө ойной албайт.



Тектеш кабарлар