Месут Өзил Стамбулда...

Түрк тектүү немис футболчусун ташыган жеке учак «Ататүрк» аэропортуна конду.

1565675
Месут Өзил Стамбулда...

Фенербахченин күйөрмандары бир нече күндөн бери чыдамсыздык менен күтүп жаткан Месут Өзил акыры Стамбулда.

Түрк тектүү немис футболчусун ташыган жеке учак «Ататүрк» аэропортуна конду.

Англиядан Стамбулга үй-бүлөсү менен келген Месут Өзилди клубдун кызматкерлери аэропорттон тосуп алышты. Фенербахче клубу Месут Өзилдин трансфери боюнча сүйлөшүүлөр башталгандыгын биржага кабарлаган.

Өзил, өзүнүн билдирүүсүндө: «Мен аябай толкунданып жатам. Себеби мен ар дайым Фенербахчеден болчумун. Бул бир гана Фенербахче үчүн эмес, мен үчүн да орундалган кыял. Мен формамды кийүүнү күтүп жатам, командадагы жолдошторум менен ийгиликке жетебиз деп ойлойм. Толкундануудан башка эч нерсе айта албайм ... Буюрса бардыгы жакшы болот деп үмүттөнөм, ийгилик»,- деди.



Тектеш кабарлар