Неслихан Йигит Таиландда жеңишке жетишти
Улуттук бадминтончу экинчи турда германиялык Ивонне Ли менен беттешет.
Улуттук спортчу Неслихан Йигит, Toyota Таиланд бадминтон мелдешинде аялдар арасында швейцариялык Сабрина Жакетти 2:0 эсебинде утуп кийинки турга жогорулады.
Түркиянын Бадминтон федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Түркияны Токио Олимпиадасында өкүлдүк кыла турган Неслихан Йигит, турнирдин экинчи күнүндө биринчи турда швейцариялык Сабрина Жакет менен беттешти.
Атаандашын 21-13 жана 21-18 сеттери менен 2:0 эсебинде жеңген Неслихан кийинки турга өттү.
Улуттук бадминтончу экинчи турда германиялык Ивонне Ли менен беттешет.
Таиланддын Бангкок шаарында уланып жаткан жана дүйнөлүк рейтингге упай берген турнирде 385 спортчу 6 күн бою медаль үчүн күч сынашат.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.