Неслихан Йигиттен алтын медаль...
Алжирде өтүп жаткан Жер Ортолук деңиз оюндарында улуттук бадминтончу Неслихан Йигит испаниялык атаандашын жеңди.
Жер Ортолук деңиз оюндарында улуттук бадминтончу Неслихан Йигит алтын медалга ээ болду.
Алжирде өтүп жаткан Жер Ортолук деңиз оюндарында улуттук бадминтончу Неслихан Йигит испаниялык атаандашы Беатриз Корралес Окананы 2-0 эсебинде жеңип алтын медаль тагынды.
Орандагы Salle Oued Tlelat Hall залында ойнолгон мелдештерде испаниялык Аниа Сетиен Эрро, италиялык Ясмин Хамза жана египеттик Доха Ханини утуп алып финалга чыккан Неслихан беттешүүлөрдө атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок.
Финалда испаниялык атаандашы Беатриз Корралес Окананы 21-14 жана 21-11 сеттери менен 2-0 эсебинде жеңген Неслихан алтын медалдын ээси болду.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.