Он алты жашка чейинкилердин Дүйнөлүк Шахмат олимпиадалары Чорумда өтүп жатат
Түркиянын Шахмат федерациясы (ТШФ)тарабынан уюштурулган мелдеш үчүн ачылыш аземи өткөрүлдү.
Он алты жашка чейинкилердин Дүйнөлүк Шахмат олимпиадалары Түркиянын Чорум шаарында башталды.
Түркиянын Шахмат федерациясы (ТШФ)тарабынан уюштурулган мелдеш үчүн ачылыш аземи өткөрүлдү.
Чорумдун губернатору Мустафа Чивтчи, аземдеги сөзүндө делегациялар менен бирге орто эсеп менен 400 кишини Чорумда коноктой тургандарын айтты.
Түркиянын Шахмат федерациясынын башчысы Гүлкыз Тулай, 6 материктен 38 өлкөнүн 48 шахмат командасынын Он алты жашка чейинкилердин Дүйнөлүк Шахмат олимпиадалары үчүн 8 миң жылдык тарыхка ээ Чорумга келгенин белгиледи.
Түрк шахмат үй-бүлөсү катары эки жылдан бери удаама-удаа Дүйнөлүк шахмат федерациясынын маанилүү иш-чарасына кожоюндук кылуунун сыймыгына ээ болгондорун белгилеген Тулай: «235 спортчунун джентльменче оюндарына сахна боло турган мелдеште толкундантуучу күндөр бизди күтүүдө»,-деди
Губернатор Чивтчи ачылыш сөздөрдөн кийин ачылыштын өкүлдүгүн кылуучу шахмат жүрүшүн кылып баштап берди.
Аземге АК Партиянын Чорум эл өкүлү Эрол Кавунжу, ЖХПнын Чорумдан эл өкүлү Туфан Көсе, Чорумдун мэри Халил Ибрахим Ашгын, Хитит университетинин ректору, проф.др.Али Осман Өзтүрк, Дүйнөлүк Шахмат федерациясынын (FIDE) өкүлү Вадим Цыпин жана спортчулар катышты.
Түркия менен катар Армения, Австралия, Азербайжан, Беларусь, Болгария, Канада, Кытай, Колумбия, Чехия, Германия, Греция, Индия, Исландия, Венгрия, Иран, Ирак, Израиль, Казакстан, Литва, Малайзия, Молдова, Черногория, Португалия, Орусия, Сербия, Словакия, Словения, Сомали, Түштүк Африка, Шри-Ланка, Швейцария, Таиланд, Түркмөнстан, Украина, АКШ, Түндүк Македония жана Өзбекстандан 235 спортчу жарыша турган мелдеш 5-ноябрда соңуна чыгат.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.