Президенттиктин Түркия велосипед туру бул жылы өткөрүлбөйт

Түркия Президенттик Велосипед туру 2021 -  жылы апрель айында өткөрүлөт.

1421254
Президенттиктин Түркия велосипед туру бул жылы өткөрүлбөйт

Велосипед федерациясынын төрагасы Эрол Күчүкбакыржы  Түркия Президенттик Велосипед турунун бул жылы коронавирустан улам өткөрүлбөй турганын билдирди.

Күчүкбакыржы берген маалыматында турдун 2021 -  жылы апрель айында өткөрүлөрүн белгиледи.

Күчүкбакыржы : «Бул жылы өткөрө алганыбызда 25 -  октябрь жана  1 -  ноябрь күндөрү боштук бар эле. Ал боштукта да пандемия коркунучу көрүнүүдө. Франция турунун да өткөрүлүү ыктымалы абдан аз. Ошондуктан адамзаттын саламаттыгы, коопсуздугу үчүн турду 2021 -  жылы апрель айына жылдырдык. Өзгөчө 8 этаптын Стамбул этабын WorldTour категориясында өткөрөбүз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар