Шазийе Эрдоган Өзбекстанда алтын медалды багындырды
Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн чемпионатта Түркияны өкүлдүк кылган улуттук штангист айымдар арасында 49 кг салмакта таймашты.
Шазийе Эрдоган, Эл аралык Исламий колдошуу боюнча Спорт федерациясынын 6-Штанга чемпионатынын алгачкы күнүнө ташка тамга баскандай из калтырды.
Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн чемпионатта Түркияны өкүлдүк кылган улуттук штангист айымдар арасында 49 кг салмакта таймашты.
Шазийе, 77 кг салмакты жулкуп көтөрүп алтын, 95 кг салмакты силкип көтөрүп күмүш медалга ээ болду. Жалпы эсепте 177 кг салмакка жетип алтын медалды багындырды.
Трибунанын биринчи баскычына чыккан Шазийе Эрдоган, Түркиянын желегин Өзбекстанда желбиретүү өзүн абдан сыймыктандырганын айтты.
Чемпионаттын биринчи күнүндө экинчи спортчубуз Сүмеййе Кентли да медалга ээ болуп кубандырды.
Айымдар 59 кг салмакта күч сынашкан улуттук штангист; жулкуп, силкип көтөрүү жана жалпы эсепте топтогон даражасы менен күмүш медалга ээ болду.
Ошол эле категорияда жарышкан башка бир спортчубуз Айшегүл Чакын да жулкуп, силкип көтөрүү жана жалпы эсептеги даражасы менен коло медалга ээ болду.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.